Балдарга кайсы витаминдерди сөзсүз берүү керек?
Likes: 420
Reports:0
24657
Урматтуу ата-энелер, бул макаланы жакшылап көңул буруп, окуп алыңыздар! Анан ар ким "балаң үчүн жакшы нерсе! Ал, ала кой!" десе чуркап барып, көрүнгөн нерсени ала бербеңиз. Анткени, бул баланын ден соолугуна өтө коркунучтуу.
Эки гана учурда балдарга витамин берүү керек:
1. Бала авитаминоз оорусу менен ооруганда. Дарыгер лабораториялык жол менен кайсы бир витаминдин жетишсиз экенин аныктап, сиздерге айтат. Мына ошондо жетишсиз витаминди толуктоо керек.
2. Профилактикалык дозировкада витамин берип туруу. Бул учурда балага сөзсүз түрдө бир гана витаминди берүү керек. Ал "Холекольциферол" (Витамин D3).
Витамин D жай айлары болобу, кыш болобу, бала эмчек эмеби же эмбейби, айырмасы жок, сөзсүз профилактикалык дозада берилип туруусу керек. Бир аз медицинадан артта калган коллегалар, жай айында витамин D3 бердиртпей коёт экен. Бул нерсени туура эмес деп эсептейм. Дозировканы азай...