Жаш бала кусканда эмне кылуу керек?
Likes: 153
Reports:0
6718
Кусуу - бул организмдин коргоочу функциясы. Жаш баланын организми кусуу менен өзүнө-өзү жардам берет.
Жаш балдардын кусуусуна эң көп себеп болгон нерселер төмөнкүлөр:
- вирустар (ротавирус, аденовирус, норовирус ж.б.) себебинен пайда болгон гастроэнтериттен улам балада кусуу пайда болот;
- бала ачып кеткен тамак жеп ууланганда;
- кээ бир орган системалардын инфекциялары;
- баланын башындагы патологиялык абалдар;
- аппендицит жана башка оорулар баланын кусуусун шарттайт.
90% учурда баланын кусуусуна себепчи болгон патогендүү факторлор - бул вирустар.
Бул нерсени эч качан эстен чыгарбаңыздар. Кээ бир учурда баланын кусуусу ич өтүү менен коштолсо, айрым учурда ичи өтпөйт.
Дагы бир айта кетчү нерсе, кээде 4 айга чейинки ымыркайлар, эмгенден кийин быштак сыяктуу кылып бир аз кусуп коюшу мүмкүн. Бул нормалдуу физиологиялык көрүнүш, бул учурда баланы кыйнап, ар кандай дарыларды берип жүрбөңүздөр!
...