Баланы баскан рахит оорусу
Likes: 0
Reports:0
31
Балаңыздын чачы өспөй, эмгеги катпай же буту ийрейип жатса, анда бул рахит (итий) оорусунун белгилери деп билиңиз. Деги эле бул кандай оору? Анын дагы кандай белгилери бар? Дарылоого болобу? Ушул жана башка суроолорго бул макалада кененирээк жооп берүүгө аракет кылам.
Рахит кандай оору?
Рахит же итий – эмчек эмген курактагы жана эрте жаштагы (6 айдан 2 жашка чейинки) балдарга мүнөздүү болгон сөөк оорусу. Бул оору организмде D витамини жетишсиздигинен, организмдин фосфор-кальций туздарына болгон муктаждыгы күчөгөндөн улам пайда болот.
Өнөр жай революциясы учурунда итий мелүүн аймактарда эпидемиялык формага ээ болгон, ал жерде заводдордун булганышы күндүн ультракызгылт нурларын тосуп алган. Ошентип, рахит айлана-чөйрөнүн булганышынан келип чыккан балдардын б...