Баланын көзү чылпактаса кантип жардам берүү керек?
Likes: 249
Reports:0
11896
Азыркы тапта вирустук инфекциялар кеңири таралып жаткандыктан ата-энелер эртең менен уйкудан турган баласынын көзү чылпактап, кызарып, жакшы ачылбай жатканын көрүп тынчсызданышууда. Ошол себептен ушул макалада көзү кызарып, чылпактап, конъюнктивит болуп жаткан балдарга жардам берүү ыкмаларын баяндап өтөм.
Доктор, конъюнктивит деген эмне?
Конъюнктивит - бул көздүн агын каптап турган жука чел кабыктын сезгенүү процессине кабылуусу.
Бул чел кабыкты көпчүлүк учурда аденовирустар, герпес вирусу, хламидиоз, түрдүү бактериялар жабыркатат. Жыйынтыгында адамдын көзү кызарып, чылпактап, көзгө бир нерсе кирип кеткендей болуп ыңгайсыздык жаратат. Конъюнктивит көпчүлүк учурда чоңдорго караганда жаш балдарда жеңил өтөт. Болгону баланын көзүнө ата-энеси туура кам көрүүсү керек.
Конъюнктивиттин түрүн кантип аныктаса болот?
 ...