Баланын коңурук тартуусу коркунучтуубу?
Likes: 237
Reports:0
8266
Баланын коңурук тартуусу эмнеден кабар берет?
Чоң адамдардын коңуругуна баарыбыздын кулагыбыз көнүп калган, мындай адаты бар туугандарды жатка да билебиз. Бирок, жап-жаш баланын коңурук тартып уктап жатканын көргөн көп ата-энелер аябай кыжалат болушат. Ошондуктан, бул боюнча сиздерге кененирээк маалымат берүүнү көздөп, макала даярдадым.
Жаш баланын коңурук тартуусу бул оорубу же нормабы?
Көп ата-энелер мага ушул суроону беришет, мен төмөнкүдөй жооп берем:
Дүйнө жүзүндө ар бир 10 баланын бирөөсү уктап жатканда коңурук тартат. Жаш баланын коңурук тартуусу кээ бир учурда организмде кандайдыр бир оору бар экенинен кабар берсе, айрым учурда нормалдуу көрүнүш болуп эсептелет. Бирок, 90% учурда жаш бала жөнү-жок эле коңурук тарта бербейт, ага көптөгөн оорулар себепчи болот.