Парацетамол баланы чын эле аутизм кылабы?
Likes: 345
Reports:0
12891
Кечээ бир катталуучум "доктор, кош бойлуу учурда Парацетамол колдонуу чын эле баланы аутизм кылабы?" деген суроо узатты. Ал катталуучум, мындай маалыматты россиялык врачтардан укканын кабарлады.
Бул тема башкалар үчүн да маанилүү болсо керек деп ушул суроого макала иретинде жооп берүүнү туура көрдүм.
Себеби акыркы учурда аутизм, СДВГ деп аталган диагноздор менен төрөлүп жаткан балдардын саны аябай көбөйүп кетти.
Ошондой эле кош бойлуу аялдардын дене табын түшүрүп, денесиндеги ооруну кетирген эң натыйжалуу жана коркунучсуз деп эсептелген дары Парацетамол болгондуктан бул теманын үстүндө сөз кылууну туура көрдүм.
Темага киришүүдөн мурда Парацетамол деп аталган дары тууралуу сиздерге кыскача маалымат бере кетейин.
Парацетамол - аналиддер группасына кирген анальгетик жана антипиретик.
Колдонуу көрсөтмөсү:
- дене табынын көтөрүлүүсү;
- дененин бардык оорулары.<...