Бешик тууралуу чындык
Likes: 380
Reports:0
12939
Бешик - байыртадан ата-бабаларыбыз колдонуп келген жыгачтан жасалган буюм.
Бешик 21-кылымга чейин көчмөн калк үчүн чын эле өтө керектүү, алмашкыс буюм болуп келген. Ал мезгилде жаш балдар үчүн да бешикке жатуу башка абалдарга караганда жакшыраак болгон.
Бешикти негизинен кийинки максаттар үчүн колдонушкан:
1. Көчкөндө атка өңөрүп алуу үчүн;
2. Баланы сууктан сактоо үчүн, себеби боз үйлөрдө башка арга жок болгон;
3. Баланы терметип, тынч уктатуу үчүн;
4. Кайра-кайра жалаяк жууй бербей, баланын бешикте заара кылуусу үчүн колдонушкан.
Балким, мен айтпаган башка себептер да болушу мүмкүн, бирок эң негизгилери ушулар.
Эми азыркы замандагы балдар бешикке муктажбы?
Албетте жок, себеби азыр эч ким көчүп-конуп жашабайт. Азыркы балдарда бешикке болгон муктаждык таптакыр жоюлган десек болот. Бирок ырым-жырым дегенде тикесинен тик туруп, салт-санаасын баланын ден соолугунан өйдө көргөн улуу муундагы чоң энелер, апалар, таен...