Балдардагы саргаюу
Likes: 79
Reports:0
3599
Азыркы учурда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын көпчүлүгү дененин физиологиялык саргаюусуна кабылат. Бул учурда врачтар ар түрдүү химиялык дарыларды сунушташат. Тилекке каршы, химиялык дарылар мындай физиологиялык саргаюуда өзүнүн натыйжалуулугун далилденген эмес.
Эскерте кетсек, саргаюунун 2 түрү бар: физиологиялык жана патологиялык.
Бүгүнкү макалада мен сиздерге физиологиялык саргаюудагы врачтар сунуштаган препараттардын бир нечеси жөнүндө айтып бермекчимин.
1. Урсофальк
Урсодезоксихолий кычкылы өт жолдорунда өттүн эмульсияланышын камсыз кылат.
Эмульсиялануу - бул эки аралашуусу кыйын болгон элементтин атайын жардам (препарат) аркылуу аралашуусу.
Бул препараттын жардамы өттүн агып чыгуусун, өттүн ичегиге чыгуусун жогорулатат жана сууда эрүүчү билирубиндин деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет.
Урсофальк - өттүн ө...