Баламдын чачы түшүп жатат, эмне кылам?
Likes: 129
Reports:0
6884
Социалдык тармак аркылуу баласынын чачынын түшүп жатканы тууралуу медициналык билими жок апалардан кеңеш сурап жаткан эненин суранычын окуп калдым.
Ал жерде өзүн акылдуу сезген апалар "эшекке баланын шапкасы менен жем бер, карышкыр аткан кишиге чачын кырктыр, кемеге түшкөн кишиге чачын кырктыр" деп өздөрүнүн пайдасыз кеңештерин беришиптир.
Мындай акыбалдагы жаш энелерге кеңешимди айтып өтүүнү туура көрдүм.
1. Балдардын чачынын жол болуп түшүүсү, дайыма эле рахиттин белгиси боло бербейт. Көпчүлүк учурда бул нормалдуу көрүнүш. Себеби 1 жашка чейинки балдардын чачы аябай назик болот. Ошондуктан күүлүп түшүшү мүмкүн.
2. Эгерде баланын чачы түшүп, өтө көп тердеп, ынжыктап ыйлап, жакшы эмбей, ага утурлай ичи катып жатса, анда эшекке жем берип жүрбөй тезинен төмөнкү текшерүүлөрдөн өтүү керек:
- баланын сийдигин текшерүү керек;
- канындагы D витамининин деңгээлин;
- кандагы фосфордун деңгээлин;
- кальцийдин жана магнийдин деңгээлин те...