Эмнеге "Левомеколь" сүннөткө отургузулган балага жарабайт?
Likes: 214
Reports:0
13517
Салам, урматтуу Medlit тиркемесинин уникалдуу катталуучусу! Бүгүн мен сиздерге өтө маанилүү темада сөз кылып бергим келди.
Мен өзүмдүн практикамда өтө көп коллегаларымдын сүннөткө отургузулган балага "Левомеколь" мазын сунуштап жаткандарына күбө болдум. Ошондой эле бул мазды ата - энелер да балдарына өтө кеңири колдонуп келишет. Ошол себептен ушул мазь тууралуу чындыкты сиздерге баяндап бергим келди.
Негизи баарыңыздарга белгилүү болгондой, жаш баланын организми өтө назик жана сезимтал болот, ошол себептен ойду-келди далилденбеген маздарды колдоно берүү баланын ден соолугу үчүн кооптуу болуп эсептелет.
Эмнеге "Левомеколь" мазын баланы сүннөт кылгандан кийин колдонбоо керек?
Бул маздын курамынын негизин түзгөн препараттар: диоксометилтетрагидропирамин жана хлорамфеникол. Бул мазь мына ушул препараттарды комбинациялоо жолу менен жасалган.
Көбүнчө урологдор бул мазды сүннөткө отургузулган баланын&n...