Тонзиллиттен кантип кутулабыз?
Likes: 0
Reports:0
92
Көпчүлүк адамдар тамак оору деп атап, алкым бездин сезгенишинен пайда болгон тонзиллит оорусу - кеңири таралган инфекциялык оорулардын бири. Ошол себептүү бул ооруну өз убагында туура аныктоо маанилүү аракеттерден болуп саналат. Төмөнкү макалада аталган оору, анын дарылоо жолдору боюнча маалыматтарды айтып өтөм.
Тонзиллит деген эмне?
Тонзиллит — бул тамактын арткы жагындагы эки сүйрү формадагы кыртыштын эки тарабындагы алкым безинин сезгениши. Тонзиллит тонзиллофарингит деп да аталат, бирок көпчүлүк адамдар аны тамак оору деп аташат.
Көбүнчө балдарда жана өспүрүмдөрдө кездешет, бирок ал бардык курактагы адамдарга таасир этиши мүмкүн. 3 жашка чейинки балдарда сейрек кездешет. Көпчүлүк адамдар өмүрүндө жок дегенде бир жолу тонзиллит менен оорушат. [1]