Сүт тишке кантип кам көрүү керек?
Likes: 106
Reports:0
3874
Доктор, сүт тиштер деген эмне?
Бөбөктөрдүн тиштери же сүт тиштер ымыркайлар менен жаш балдардын өнүгүүсүнүн биринчи белгилеринен болуп эсептелет. Бул тиштер болжол менен наристенин 6 айында пайда боло баштап, 2-3 жашына чейин толук өсүп чыгат.
Жалпысынан балдарда 20 даана сүт тиштери бар, анын ичинде үстүңкү катарда 10 жана ылдыйкы катарында 10 тиш.
Сүт тиштери балаңыздын ден соолугу үчүн өтө маанилүү, себеби:
1. Балаңыздын чайноосуна жана туура сүйлөөсүнө жардам берет;
2. Туруктуу тиштердин өсүп чыгуусуна ыңгайлуу шарттарды түзөт;
3. Жаак жана бет булчуңдарынын өрчүүсүнө чоң таасирин берет.
Доктор, баламдын сүт тиштерине кантип туура кам көрөм, кененирээк айтыңызчы?!
Албетте, бул макалада сүт тиштерине кам көрүү жөнүндө өтө кенен баяндап берем, анда кеттик.
1. Кам көрүүнү эрте баштоо
Балаңыздын тиштерине кам к...