Жаш балдарга кайсы памперс жакшы?
Likes: 165
Reports:0
13172
Биз балалык кезибизде памперс кийбей чоңойдук. Анткени ал учурда памперстер өлкөбүзгө таралган эмес эле.
Ал эми азыркы аялдарга өтө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, күндө баласынын булганган жалаягын жуубай эле памперс колдонуп жыргап калышты.
Учурда ата-энелердин ортосунда памперске тиешелүү ар түрдүү ойлор айтылууда. Менден да көп катталуучулар сурагандыктан ушул темада сөз кылууну туура көрдүм.
- Доктор, "памперс эркек балдарды тукумсуз кылып коёт" деген сөз чынбы?
Көп ата-энелер ушул суроону беришет. Чындыкты айта турган болсок, жаш балдарда сперматогенез процесси 8-9 жаштарында башталгандыктан сапаттуу памперс эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул сөз жалган.
- Памперс эркек баланын жумурткасын ысытып салат деген сөз чынбы?
Негизи эркектердин жумурткасы 7 катмар менен аябай жакшы корголгон. Эгер памперс өтө көп сийдикке толуп, аба өткөрбөй турган болсо, жумуртканын каптагычын ысытышы мүмкүн, бирок жумуртканын өзүн ысыта албайт. Андыктан корк...