Жаш баланын анемиясы коркунучтуубу?
Likes: 92
Reports:0
4888
Өлкөбүздө күндөн-күнгө анемия менен жабыркаган балдардын саны көбөйүп жатат. Анын айынан балдар түрдүү ооруларга чалдыгып, кыйналууда. Бул макалада сиздерге бала үчүн анемиянын коркунучун баяндап берем. Макаланы жакыныңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз!
Анемия балага эмнеси менен коркунучтуу?
1.Бала тез-тезден түрдүү оорулар менен ооруй берет.
"Доктор, балам ар дайым ооруй берет! Жакында эле ооруканадан чыктык эле, 2-3 күндөн кийин кайра түшүп калдык" дешет мага кайрылган ата-энелер. Баланын оорусу ар бир ата-эне үчүн чоң стресс. Ата-эне улам-улам стресс боло берсе, өздөрүнүн дагы ден соолугу бузулат.
Ошондуктан кош бойлуу учурда аял өзүн жакшы карап, убагында витаминдерин ичип туруусу өтө маанилүү. "Эне жана бала ден соолугу" курсунда кош бойлуу аялдар сөзсүз иче турган витаминдер тууралуу кенен маалымат берем, сөзсүз ошол сабакты көрүп коюңуздар.
2.Эриндери жарылып, оозу ою...