Инсульттан корксоңуз, гипертонияны ооздуктаңыз
Likes: 5
Reports:0
206
Дүйнөдө жыл сайын 12,2 миллиондон ашык инсульт учуру катталат. 25 жаштан ашкан ар бир төртүнчү адам өмүрүндө бир жолу инсульт болот. Жыл сайын бардык инсульттун 16%дан ашыгы 15-49 жаштагы адамдарда болот, ал эми 62%дан ашыгы 70 жашка чейинкилерге туура келет. Жыл сайын бардык инсульттун 47% эркектерде болот. (1)
Инсульт - айтылышы оңой болгону менен тарыхы татаал, кооптуу илдет. Көз ирмемде адамдын өмүрүн алып тынат. Бүгүн биз инсульттун себепчиси гипертония, башкача айтканда, жогорку кан басымы тууралуу сүйлөшөбүз.
Кан басымыңыз жана кан айлануу системаңыз кандай иштейт?
Сиздин ткандарыңыз менен органдарыңыздын туура иштөөсү үчүн кычкылтек менен каныккан кан керек, аны кан айлануу системасы жалпы организмге жеткирип берет. Жүрөк өзүнүн согуус...