Далыдагы оору ички органдардын оорусунан кабар берет
Likes: 0
Reports:0
.png)

79
“Жаш туруп оорудум дей бересиңер. Биздин убакта жаштар ооручу эмес” дешет улгайгандар. Балким, алардыкы деле туура. Анткени азыркы жаштар ден соолугуна кайдыгер караганы чындык. Аз кыймылдайбыз, зыяндуу азыктар жана суусундуктар менен тамактанабыз. Спорт менен машыгуудан качабыз. Мындан улам оору жашарып, диагноздор көбөйүүдө.
Бүгүн биз далы аймагындагы оору жана анын кесепеттери тууралуу сөз кылалы.
Макаланы жакындар менен бөлүшүп, алардын дени сак жашоосуна салым кошуңуз.
Далынын аймагындагы оору - арка-бел оорусунун эң кеңири таралган түрү. Оорунун булагы далынын өзүндө жана анын айланасында болушу мүмкүн. Адатта, оору оң же сол далыда, далынын астында же эки далынын ортосунда пайда болот. Анын интенсивдүүлүгү дененин абалына жараша болот, физикалык күч келгенде күчөшү же алсырашы мүмкүн, ооруган аймактын сезгичтиги жогорулашы да ыктымал жана оорусу кабыргаларга чейин өтүүсү мүмкүн. (4)