Тез арыктоо өтө коркунучтуу!
Likes: 41
Reports:0
![](https://medlit.app/public/frontend/img/Vector (1).png)
![](https://medlit.app/public/frontend/img/s.png)
1886
Көпчүлүк толук адамдар бир-эки күндүн ичинде эле өтө жакшынакай болуп, 18 жаштагыдай абалына келип калгысы келет. Мындай сезим бирөө жарым толук адамдын салмагына комментарий берип, "аябай семирип кетипсиң, арыктасаң боло?!" деген ж.б. сөздөрдү айтканда келет.
Мындай сөздөрдү уккан толук адамдар чыдабай кетип, тез арада эле 20-30 кг таштап, нормага келүүнү каалашат. Эгерде тез арада арыктоо ден соолуктарына өтө зыян экенин билгенде тез арыктоо тууралуу ойлонушмак эмес. Эң өкүнүчтүүсү, кээ бир намысы чыдабаган адамдар бир-эки айдын ичинде өтө көп салмак таштап, жыйынтыгында кийинки ооруларга кабылат:
1. Тез арада арыктоо адамдын өтүндө таштын пайда болуусун чакырат;
2. Тез арыктоо гормондордун ишин нормадан чыгарып, органдардын ишин начарлатат;
3. Тез арада арыктоо теринин абалын начарлатат, май тез арада кеткендиктен тери өзүнүн жылмакай абалын жоготот;
4. Булчуңдар алсырап, адамдын күчү кетип, аябай кыйналат;
5. Тез арыктоонун айынан баш оору, ич оору жана баш айлануу пайда болот, адам...