Метаболизм чын эле маанилүүбү?
Likes: 35
Reports:0
![](https://medlit.app/public/frontend/img/Vector (1).png)
![](https://medlit.app/public/frontend/img/s.png)
1268
Эл арасында "метаболизм жакшы болсо эле болду, ден соолук да "чики-чики" болот" деген түшүнүк кеңири тараган, дал ушул түшүнүк боюнча сиздерге бир аз сөз кылып берүүнү туура көрдүм.
Метаболизм деген эмне?
Биз жеген тамак-аштардын химиялык процесске учурап иштетилүүсү медицинада метаболизм деп аталат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, зат алмашуу процесси же организмдин тамакты аш кылуу, сиңирүү процесстери.
Метаболизм 2 процесстен турат:
1. Катаболизм - азык-заттардын талкаланып, майда бөлүкчөлөргө айлануусу. Мисалы, организмге белок киргенде амин кычкылдарына ажырайт. Ал эми көмүртектерди жегенде, ал глюкагендерге ажырайт. Тамактар биздин организмге киргенде кайсы бир ферменттердин, өттүн суюктугунун жана ичеги-карын суюктугунун таасири менен талкалануу процессине учурап, аш болот. Эгер катаболизм начар болуп калса, тамак-аш сиңбей калышы мүмкүн. Катаболизми начар адамдарда жеген тамагы...