Тиш үчүн маанилүү азыктар
Likes: 127
Reports:0
![](https://medlit.app/public/frontend/img/Vector (1).png)
![](https://medlit.app/public/frontend/img/s.png)
3881
Тиштердин саламаттыгы эки чоң нерседен көз каранды. Биринчиси күнүмдүк ооз гигиенасы болсо, экинчиси биз жеп жаткан азыктар, туура тамактануу болуп эсептелет.⠀
Ушул себептен урматтуу катталуучулар, оозго кам көрүү абдан маанилүү, бирок жегенибиз андан кем эмес мааниге ээ.
Бүгүнкү макалада мен сиздерге тиштер үчүн пайдалуу болгон азыктар жөнүндө айтып берем. А сиз болсо жакшылап окуп, сактап алыңыз.
Тиштин эмалынын эң коркунучтуу душмандары кант жана алардын түрлөрү, суусундуктардагы жана тамак-аштын курамындагы кычкылдар болуп эсептелет. Ал эми тиш үчүн эң пайдалуусу бул кычкылдарды нейтралдаштыра турган, организмдин толук калыптанышы жана бекемделиши үчүн зарыл болгон минералдар жана витаминдер менен камсыз кыла турган азыктар болуп эсептелет.
Ал кайсы азыктар?⠀
⠀⠀
Биринчи орунда сүт азыктары турат.⠀