Көгөргөн нан чын эле ден соолукка пайдалуубу?
Likes: 197
Reports:0
![](https://medlit.app/public/frontend/img/Vector (1).png)
![](https://medlit.app/public/frontend/img/s.png)
6671
Азыркы учурда социалдык желелерде көгөрүп кеткен нандын пайдалуулугу тууралуу маалыматтар таралып жатат. Көп катталуучулар оорубаш үчүн көгөргөн нан жейлиби деп менден сурап жатышат. Ошондуктан бул илимий макаланы жазууга туура келди.
Көгөргөн нан - грибоктор себептүү нан бетине көк пайда болуп, нандын бузулуусу.
Нандын көгөрүүсүнө төмөнкү грибоктор себепчи болушат:
- Aspergillus;
- Penicillium;
- Fusarium;
- Mucor
- Rhizopus кирет (1).
Көгөрүп кеткен нандын ден соолукка тийгизген пайдасы бир да клиникалык изилдөөдөн өтүп тастыкталган эмес. Ошондуктан көгөргөн нанды оорунун алдын алуу жана дарылануу үчүн колдонуу - бул зыяндуу инфекцияларды организмге киргизүүгө барабар.
Көгөрүп кеткен нанды жеген чын эле өтө коркунучт...