Метаболизм чын эле маанилүүбү?

General practitioner, clinical nutritionist, neuropsychologist. Founder of MedLit.
- 5+ years of practice
- 15,000+ patients completed an in-depth health review
- 7,000+ patients under ongoing care
Education and training
Kyrgyz State Medical Academy; Medipol (Turkey); Stanford University; Johns Hopkins; University of Colorado; Cape Town University Clinic; Dokma, university of evidence-based medicine; internship at The View clinic (Doha, Qatar).
Эл арасында "метаболизм жакшы болсо эле болду, ден соолук да "чики-чики" болот" деген түшүнүк кеңири тараган, дал ушул түшүнүк боюнча сиздерге бир аз сөз кылып берүүнү туура көрдүм.
Метаболизм деген эмне?
Биз жеген тамак-аштардын химиялык процесске учурап иштетилүүсү медицинада метаболизм деп аталат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, зат алмашуу процесси же организмдин тамакты аш кылуу, сиңирүү процесстери.
Метаболизм 2 процесстен турат:
1. Катаболизм - азык-заттардын талкаланып, майда бөлүкчөлөргө айлануусу. Мисалы, организмге белок киргенде амин кычкылдарына ажырайт. Ал эми көмүртектерди жегенде, ал глюкагендерге ажырайт. Тамактар биздин организмге киргенде кайсы бир ферменттердин, өттүн суюктугунун жана ичеги-карын суюктугунун таасири менен талкалануу процессине учурап, аш болот. Эгер катаболизм начар болуп калса, тамак-аш сиңбей калышы мүмкүн. Катаболизми начар адамдарда жеген тамагы талкаланбай эле кайра ошол бойдон заңы аркылуу чыгып кетет. Албетте, бул өтө начар көрүнүш...
2. Анаболизм - азык-заттардан организм үчүн керектүү заттардын пайда болуусу. Мисалы, жанагы эле белоктон бөлүнүп чыккан амин кычкылы клеткаларга таасир берип, клеткадагы рибосома адамдын организми үчүн керектүү азык-заттарды кайра бөлүп чыгарып берет. Ушул процесс анаболизм процесси.
Бул процесстердин организмге эмне кереги бар?
Бул процесстердин жүрүү максаты организмдин иштөөсүн камсыздап турган АТФти бөлүп чыгаруу. АТФ - биздин организмдеги бардык процесстерди ишке ашырып, энергия берип турган зат болуп эсептелет. АТФ жок болсо, болду сиздин клеткаларыңыз да, органдарыңыз да иштен чыгып, жыйынтыгында организм талкаланат. Ошол себептүү АТФтин туура өлчөмдө бөлүнүп чыгуусу өтө маанилүү.
Мисалы, кээ бир адамдарда тамакты аш кылуучу ферменттер бөлүнүп чыкпай, анын себебинен АТФтин бөлүнүп чыгуусу азайып, жыйынтыгында адам ооруга кабылат.
Эгер организмиңиз үчүн эң керектүү болгон АТФ заты туура өлчөмдө бөлүнүп чыгуусун кааласаңыз, анда дени сак жашоого өтүңүз. Дени сак өмүр сүрүүңүздө сиз үчүн эң негизги жардамчы болуп бере турган менин автордук курсум бар. Мына ошол автордук курсумду көрүп, бул жашоодо бакубат өмүр сүрүңүз. Метаболизмди жакшыртууда дени сак жашоо өтө маанилүү.
Сизге ден соолук каалайм!
.png)
For information only; not a substitute for a doctor’s advice. In an emergency call 103.





