Home
Articles
Courses
Books
Webinars
Consultation
About Me
English
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
MedLit
  • Home
  • Articles
  • Books
  • Courses
  • Webinars
  • Consultation
  • About Me
English
  • Кыргызча
  • Русский
  • English


Admin

Бекжан Турабеков

Dr. Turbekov

  • Website
    https://turabekov.com/
  • Instagram
    visit
  • Telegram
    visit
About me

Салам уникалдуу инсан ?

Менин мобилдик  тиркемеме кош келдиңиз. Эгер сиз ушул саптарды окуп жаткан болсоңуз,  анда сизди өз ден соолугуна кам көргөн, ден соолугун алдыңкы орунга койгон адам катары эсептеймин. 

Урматтуу мобилдик тиркеменин колдонуучусу, ушул макала аркылуу мен сизге өзүм жөнүндө, максаттарым тууралуу  жана басып өткөн жолум  тууралуу кенен айтып бергим келди.

Анда кеттик!

Менин атым Бекжан, айылдын  кара нанын жеп, тоо койнунда өскөн баламын. Себеби мен төрөлгөн Чаткал району Кыргызстандын эң алыскы аймактарына кирип, жалаң бийик тоолор менен курчалган. 


Бул мен туулуп өскөн Жаңы-Базар айылы

 

Мен негизи медицинага 3-классымдан баштап аралашып калдым. Себеби апам аптека иштеткен фармацевт болчу. Кичинекей чагымдан өзүнүн жанына алып жүрүп, медицинага болгон кызыгуумду арттырып, дарылар менен тааныштырып, кеп кеңешин берип турчу.  Ошондуктан мыкты врач болуу, балалыгымдан берки кыялым эле.

Менин балалыгым өткөн аптека



Бирок айыл жергесинен дароо медициналык академияга өтүү оор  болчу. Ошондуктан 11-классымда убактымдын барын химия, биология, алгебра жана кыргыз тилин окууга арнагам.  Медициналык академияга өтүү чоң мээнетти жана жоопкерчиликти талап кылгандыктан 11-классымда Бишкек шарына келип атайын курстарды өтүү менен "жалпы республикалык тестке" даярдангам. Бул мүмкүнчүлүктүн түзүлүүсүнө себепчи болгон ата-энеме, бир туууган агама жана мектептеги мугалимдериме ыраазычылык билдирем. Себеби бул кадам менин жашоомдогу өзгөчө кадамдардан эле. Медициналык академияга тапшырсамбы деп жүргөн окуучуларга кеңешим, мектеп убагында бош убакыттарды пайдаланып, жогоруда санап өткөн 4 предметке өзгөчө көңүл буруусун айтат элем.


Мен аяктаган мектеп

 

Ошентип болгон күчүм  менен даярдык көрүп Аллах Тааланын каалоосу менен ЖРТдан 376 бал алып, "Иса Коноевич Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын" педиатрия бөлүмүнө бюджеттик тармакка  өттүм. Негизи фармакология жаатына тапшырууну көздөгөм, бирок ал факультетте бекер окутуу бөлүмү жок болгондуктан ата-энемди контракт төлөтүп кыйнабоо үчүн педиатрия бөлүмүнө тапшырдым. Бирок ошол кадамыма азырга чейин сүйүнөм, себеби биздин факультетте окугандар чоңдордун оорулары менен гана чектелбей,  жаш балдардын ооруларын да кенен окучук. 

11 840 саатымды өткөргөн академия



Ошентип академияны жалаң "5" деген баа менен окуганга аракет кылдым. Албетте көп уйкусуз түндөр, көп убакыттар жана көп мээнет сарпталды, бирок мыкты врач болуу үчүн бул аз эле.

 Академияда окуп жүргөндө илимий конкурстарга, конференцияларга катышканга аракет кылчум. Ошондой эле КГМА нын "Билим күндөрү 2018" илимий конференциясында жеңүүчү да болгом.



Ошентип  4-курска жеткенде  жалаң чет элдик англис тилиндеги медициналык булактардан билим алууга умтулуп баштадым.  Ал  порталдардан медициналык билимимди дагы да тереңдетүүгө аракет кылдым.


Мен билимимди тереңдеткен медициналык порталдар

 


Ата - энем "балам тамак алып же" деп салган акчаларды ошол порталдардагы маалыматтарды сатып  алуу үчүн колдонот  элем.  Себеби кийин сөзсүз өз жемишин берет деп ишенчүмүн. Азыр мына ошол порталдар себептүү далилденген медицинанын принциптерин үйрөнүп, жөн эле катардагы врач болбой далилденген медицинанын негизинде иштеген врач болууга умтулуп отурган чагым. Cochrane, PubMed, UptoDate, Medscape,  Lecturio, Osmosis медициналык порталдарынын негиздөөчүлөрүнө ыраазычылык билдирем.

Ошентип студент кезде үй-бүлө куруунун маанилүүлүгүн сезип жубайлуу болууга аракет жасадым.  Мен студент кезимде кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндөрдү көрүп жаным кейичү. Себеби ашыкча ойлор, сезимдер студенттин сапаттуу билим алуусуна өзүнүн терс таасирин сөзсүз тийгизет деп билчүм. Ошондуктан өзүм да кыздар менен сүйлөшүп убактымды кетирбей, келечектеги жубайымды бир көрүп үйлөнөм деп максат койдум. Бирок Аллахтын каалоосу менен өз максатыма жеттим. Мен үйлөнүп жатканда бары таң калышты, шок болду себеби 2 мүнөт сүйлөшүп үйлөнүү деген жакындарым үчүн жат көрүнүш эле.Азыркы учурда Мухсин аттуу уулду болуп, жашообуз бактылуу күндөрдүн коштоосунда уланып жатат.   Ошондуктан мырзаларга айтар кеңешим үйлөнүү процессин кечиктирип кыз-жигит болуп жүрө бербей, үйлөнүү процессин тездетүүгө аракет кылуу керек. Себеби үйлөнбөй жүрүү эркек кишинин  өнүгүүсүнө жолтоо болот экен. Албетте бул менин оюм жана ал оюма эч кимди таңуулабайм.


Мен жубайым менен болгону 2 -3 мүнөттөй сүйлөшүп дароо үйлөнгөм)

 


Ошентип үй -бүлөнү багуу жоопкерчилиги  жана башка олуттуу себептер (бул себепти балким кийинчерээк айтам) пайда болуп окуудан тышкары кошумча жумуш иштөөгө туура келди. Чат-бот жасап иштеп көрдүм, Тальбина деген каша сатып иштеп көрдүм бирок медицинага тиешеси жок жумуштар мени бактылуу кыла алган жок . Анан Аллах каалап 4-курсумда "Sunna Medicine" аттуу хиджама борборун негиздеп, окуудан соң хиджама адиси катары бейтаптарды кабыл алчум. Ошентип окууну бүткөнчө 4000 ден ашуун бейтап кабыл алып медициналык тажрыйбамды дагы да жакшырттым. Автордук медициналык хиджама ыкмасын иштеп чыгып, 60 тан ашуун окуучуну да даярдап жетиштим. 



Студент кезимде иш алып барган кабинетим

 

6-жыл зымырап өтүп,  медициналык академияны да ийгиликтүү аяктадым. Негизи эле академияны аяктаган ар бир студент эми кандай бөлүмдү тандайм, медициналык жолумду кандайча улантам деп катуу ойлонушат. Мен да катардагы студенттер сыяктуу эле туура кадам таштоо үчүн көп ойлондум. Мамлекеттик ооруканаларда, жеке менчик клиникаларда иштеген врачтардын акыбалы менен тааныштым, бейтаптардын врачтарга болгон ишеними менен тааныштым. Жыйынтыгында көп врачтар кеткен жол менен эмес, башка жол менен кетүүгө аракет жасап баштадым. Себеби башкалардын кадамы менен кетүү мен көздөгөн максаттарга жетүүгө тоскоолдук жаратарын сездим.

А менин максаттарым таптакыр башкача болчу. Мен айылдан келгендиктен ординатураны айыл жергесинен өтүү сунушу түштү, бирок бул кадамга баруу менин негизги максаттарыма өтө кеч жеткирет эле , ошондуктан мен медициналык тажрыйбамды чет өлкөлөрдөн өтүүгө аракет кылып баштадым.

 

Себеби дүйнө жүзүндөгү  медицинасы эң мыкты өнүккөн өлкөлөргө барып, эл аралык деңгээлдеги врачтар менен таанышып тажрыйба алмашуу мен үчүн өтө маанилүү иштерден эле. Жыйынтыгында бул максатымды ишке ашыруу үчүн кийинки өлкөлөргө барууга бел байладым: Израиль, АКШ, Улуу Британия, Германия, Сингапур, Япония, Турция, Канада, Австралия, Россия.

Кажыбас кайрат, токтоосуз мээнет менен алган дипломум

 


Бирок бул өлкөлөргө барып тажрыйба алмашуу жеңил иш эмес экен, жок эле дегенде бир өлкөгө баруу үчүн минимум 5000$ болуш керек экенин сездим. Мен миллионердин баласы болбогондуктан бул акча мен үчүн чоң сумма  болчу. Ошентип дароо чет өлкөгө кете албашымды билип бул максаттарыма жетүү үчүн эң алгачкы кадамды инстаграм баракча ачуу менен баштадым. 

Инстаграм баракчам себептүү көп адамдын медициналык сабаттуулугун жакшыртканга жетиштим

 


Азырынча элдердин денесин дарылай албасам да, жок дегенде туура маалымат берип мээсин туура эмес маалыматтардан  тазалоо үчүн өз ишимди активдүү түрдө баштадым. Баракча ачкан соң элибизден кийинки маселелерди байкадым:

-Врачтарга болгон ишеним жоголуп, жалаң шарлатандардын ыкмалары менен дарыланып калыптыр;

-Витамин, БАД десе көктөн издегени жерден табылгандай сүйүнүп каалашынча пайдасыз ичип калышыптыр;

-Аптекалар бүт таасири жок начар дарыларга толуп, туура болсо да туура эмес болсо да адамдар каалгандай колдонуп эптеп эле жашап туруунун жолун издеп калыптыр;


-Элибизде өз ден соолугуна болгон кам көрүү жоголуп, акча үчүн барына даяр болуп калыптыр;

-Сапаттуу азыктарга кызыкпай, тескерисинче арзан азыктарга кызыгып калыптыр;

-Элибиздин жашоо сапаты начарлап, ар тараптан келген акчаны көздөгөндөрдүн туңгуюугуна түшүп калыптыр.


Бул абалдар мени өтө катуу ойлондурду жана өтө активдүү иштөөмө эң негизги мотивация болду. Элим үчүн коопту кадамдарга барып, акча көздөп элге түрдүү БАДдарды, витаминдерди, дарыларды сатып жүргөндөрдүн бетин ачып баштадым. Пайдасыз дарылар тууралуу элге баяндадым. Жыйынтыгында сетевиктер тарабынан, врачтар тарабынан, инста блогерлер тарабынан таланып эле жатып калдым?. Жада калса сотко беребиз дегендер да чыкты, бирок өз ишимди токтотпой, алдыга көздөй кадамымды таштай бердим.


Ошентип эң алагчкы болгон "Дени сак жашоого кадам" аттуу уникалдуу курсту негиздедим. 



Көп катталуучумдун сүймөнчүгү болгон "Витаминдер тууралуу чындык" китебимди жазып чыктым.





Көз карандысыз бирикмелер тарабынан"2021-жылдын мыкты дарыгери" төш белгисине ээ болдум.



Эркек кишилердин ден соолугуна тиешелүү эң актуалдуу темаларды камтыган "Төшөк арстаны" курсун негиздедим.


Ошондой эле эне жана балдардын ден соолугуна тиешелүү өзгөчө темаларды камтыган "Эне бала ден соолугу - улуттун келечеги" аттуу курсту негиздедим.

Жыйынтыгында менин курстарымды 2000 ден ашуун адам аяктап, уникалдуу пайдаларды алышып өз ден соолуктарына өзгөчө мамиле жасап калышты.

Ошентип каражат жагынан кичине мүмкүнчүлүк табылып Турциянын Стамбул шаарындагы "Medipol" аттуу эл аралык клиникага практика өтүү үчүн жол тарттым. Бул сапарым менин медициналык жолумдагы эң жемиштүү сапарлардан болду.

 


Дүйнө жүзүндө алдыңкы рейтингтерде турган "Medipol" клиникасы





Түрк профессорлору менен таанышып, алар менен чогу иштешип, билбеген нерселеримдин барын үйрөнүп медициналык тажрыйбамды башкача деңгээлде жакшырта алдым. "Medipol" клиникасында өткөн практикадан кийин пайдалуу врач болуу үчүн эмнелерди кылуу керек экени ачык айкын көрүнүп калды.

Бул клиникадан мага өзүнчө кабинет да беришкен эле. Кененирээк инстаграм баракчамдан көрсөңүз болот.




Бул практикамдын ишке ашуусуна салым кошкон курстарымдын катышуучуларына терең ыраазычылык билдирем. Мен жаңы академияны бүткөн студенттерге чет өлкөлөргө чыгып практика өтүүнү өзгөчө сунуштайт элем. Себеи бул жаңы өсүп келе жаткан врачтын тажрыйбасына өзгөчө таасирин тийгизет. Аллах каалса алдыда дагы 10 медицинасы эң мыкты өнүккөн өлкөгө барып практика өтүп келем деп аракет жасоодомун.
 


"Medipol" клиникасынан алган эл аралык деңгээлдеги сертификатым 



Ошентип тажрыйба топтоп келген соң көптөн бери элим үчүн кылсам экен деп кыялданып жүргөн дагы бир максатымды ишке ашырууга кириштим. Ал максатым сиз колдонуп жаткан  уникалдуу мобилдик тиркемени иштеп чыгаруу болчу. 

Жашоомдогу эң кыйын күндөр мына ушул убактарда башталды. Себеби мобилдик тиркемени жасоо адамдан уникалдуу идеяны, өтө көп акчаны жана өтө көп убакытты талап кылат экен. Бирок мен эч кандай тоскоолдуктарга карабай алдыга кадам таштоону чечтим.

Тиркемени жасоодо эч кимге көз каранды болбоюн деп спонсор, инвесторду издебедим. Аллахтан колдоо сурап өзмдүн акчам, күчүм, билимим менен жасаймын деп тиркемеге буйрутма бердим. Тиркемедеги функциялар өзгөчө болгондуктан баасы да өзгөчө болду. Бирок канча көп болсо да табам деп аракет кылып баштадым. Акча табуу үчүн курстарды, вебинарларды тез тез өтүп баштадым.

Көп катталуучулар "акыркы учурда акча деп эле калдың" деп нааразы болушуп, жек көрүп да жатышты. Бирок ага карабай колдон келген аракетимди жасай бердим, себеби артка жол жок болчу. Албетте катталуучулардын арасынан абалды түшүнгөндөр чыгып китептеримди сатып алып, курстарымды сатып алып мүмкүнчүлүгү жетишинче ушул мобилдик тиркеменин чыгуусуна салым кошуп жатышты. Ошентип катталуучуларым менен болгон аракеттердин жыйынтыгы мына бул тиркеменин элге чыгуусу менен аяктады. Бул мен үчүн жашоомдогу эң чоң жеңиштердин бири болду.

Бул тиркемеге дагы көп функциялар киргизилип, дагы көп аракет жана акча сарпталат. Бирок эл үчүн пайдасын берип турса бул мен үчүн өзгөчө ырахат тартуулайт.


Мен бул тиркеме себептүү карапайым калкка эле эмес, врачтарга, медик студенттерге өз пайдамды тийгизүүнү кааладым. Сиз колдонуп жаткан мобилдик тиркеменин жардамы менен:


-Эффективдүү жана фуфло дарыларды айырмалап каласыз;

-Менин курстарымды, вебинарларымды, китептеримди ыңгайлуу колдоно аласыз;

-Уникалдуу медициналык макалаларды окуй аласыз;

-Кыргызстанда сатылып жаткан кайсы азыктар сапаттуу, пайдалуу жана кайсы азыктар пайдасыз, сапатсыз экенин билип аласыз;


Мындан тышкары жакында мобилдик тиркемеге кошула турган уникалдуу функцияларга ээ болосуз.


Аллахтын каалоосу менен бул мобилдик тиркемем сиз үчүн эң пайдалуу жана сүйкүмдүү тиркемелерден болот деп ишенем. 

Бул тиркемеден кийинки менин дагы бир эң чоң максаттарымдын бири медициналык тажрыйбамды чет өлкөлөрдөн жакшыртып кыргыз элине эле эмес, Орто Азияга кызмат кыла турган уникалдуу клиника куруу. Бул максатыма жетүү үчүн колумдан келишинче аракетимди жасайм.

 

Хопкинс ооруканасынан да мыкты кылып салам деген кыялдарым бар. 

Эгер кандайдыр бир оору менен ооруп жатсаңыз Аллах Таала шыпаа берип тезирээк сакайып кетиңиз, а эгер дени сак абалда өмүр өткөрүп жатсаңыз ар дайым ден соолукта болуңуз. Мен сиздин дени сак, сапаттуу жашооңузга колумдан келишинче өз салымымды кошо берем. Сиз да колуңуздан келишинче дени сак абалда жашоого аракет жасаңыз.

 


Көп катталуучуга мотивация берген велосипедим)

 


Бул сөздөрүмдү эринбей аягына чейин окуганыңыз үчүн ыраазычылык! Эми мобилдик тиркемени ырахат, сүйүнүч жана жагымдуу маанай менен колдонууга өтүңүз.


Сизге ийгилик каалап Доктор Турабеков


20.03.2022
Саат: 1:56


Бишкек шаары.


MedLit
Home
Articles
Books
Courses
Webinars
Consultation
About Me