Семиздер эмне үчүн оңой менен арыктай албайт?
Likes: 1
Reports:0
78
“Сыныктан башкасынан баары жугуштуу” деген сөз семирүүгө да тиешелүүбү?
Толук адамдар көзгө берекелүү көрүнүп, ток пейилдүү, мээримдүү сезилишет. Байкасаңыз керек, тасмаларда да толук актёрлор өзгөчө мээримдүү, кээде күлкүлүү образдарды жаратышат. Бирок ашыкча салмактын өтө көп зыяндуу жактары бар. Мисалы, семирүү психикалык көйгөйлөрдөн тартып, олуттуу ооруларды да шартташы мүмкүн.
Бул макалада ашыкча салмак деп маданияттуу атайбызбы, семирүү, семиздик деп одоно айтабызбы, кыскасы, миллиондогон адамдардын баш оорусуна айланган олуттуу оору тууралуу медицинанын тилиде сөз кылабыз.
Семирүү деген эмне?
Семирүү – организмдеги ашыкча май менен байланышкан олуттуу оору. Көпчүлүк адамдар ашыкч...