Тиш кычыратуу тууралуу чындык
Likes: 94
Reports:0
.png)

4998
Көптөгөн ата-энелер "балам түнкүсүн уктап жатканда тиштерин кычыратат, эмне кылышты билбей калдым" деп кайрылууда. Ошол себептен, атайын ушул тиш кычыратуу темасында макала даярдоону туура көрдүм.
Тиш кычыратуу деген эмне?
Мындай абал медицинада бруксизм деп аталат.
Бруксизм - бул адамдын тиштерин кычыратып, кысып, тиштенип жабыркоосу. Көбүнчө адам аң-сезимсиз уктап жатканда ушундай абалга кабылат. Бул бардык курактагы адамдарда кездешүүчү абал, бирок балдарда жана жаштарда көп кездешет.
Бруксизмдин эки түрү бар:
1.Күндүз пайда болгон сергек бруксизм;
2.Уйку учурунда пайда болгон бруксизм.
Бруксизмдин эки түрү тең тиш жана медициналык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн, мисалы, баш оору, тиш сезгичтиги, жаак оорусу же тиштерде жараканын пайда болуусу.