Суунун жетишсиздиги өлүмгө алып келет
Likes: 0
Reports:0
153
Адам күнүнө 1,5-3 литр суу ичүүсү керек деген сөздү көп укканыбыз менен жашообузда бул эрежени колдоно бербейбиз. Организмдеги суунун жетишсиздигинен келип чыккан оорулардын себебин башкадан издеп, кырдаалды курчутуп алабыз. Мына ошол суюктуктун физикалык нормадан төмөн болуусу эмнеге алып барат? Аны кантип байкаса болот? Белгилери, аныктамасы жана дарылоо жолдорун жөнөкөй тил менен бул макалада баяндайбыз.
Суусуздануу же дегидратация деген эмне?
Суусуздануу - бул суунун ашыкча жетишсиздигинен пайда болгон абал. Эгер сиз күн сайын организмде сарпталып жаткан суюктуктун ордун толуктабасаңыз, суусузданууга кабыласыз. Суусуздануу ар бир адамда болушу мүмкүн, бирок ал жаш...