Обструктивдүү уйку апноэ синдрому деген эмне?
Likes: 0
Reports:0
9
Коңурук менен байланыштуу далай тамашалар, күлкүлүү жагдайлар айтылып келет. Жакыныңыздын коңурукту кош тартып жатып эле бир саамга үн чыгарбай, дем албай калгандай учуру болду беле? Жүрөктү түшүргөн мындай абал медицинада уйку апноэ синдрому деп аталат. Бул синдромдун келип чыгуу себептери жана дарылоо жолдору тууралуу төмөндө сөз кылабыз.
Макаланы коңурукту кош тарткан жакыныңызга жөнөтүп, дени сак жашоосуна салым кошуңуз!
Обструктивдүү уйку апноэ синдрому
- уктап жатканда дем алуу күтүлбөгөн жерден азайып же толугу менен токтоп калган абал. [1]
Обструктивдүү уйку апноэ (ОУА) дем алуу жолдору уктап жатканда тарылып же жабылып калганда пайда болот, бул коңурукка алып келет, анткени алар аркылуу аба кадимкидей өтпөй калат.
Дем алуу жолдорунун...