Миопия: себептери, симптомдору, кесепеттери, дарылоо
Likes: 3
Reports:0
106
"Көз – жан дүйнөнүн күзгүсү" деп айтылат, ага карап адамдын кандай экенин толук билбесек да мүнөзүн, маанайын, кылык-жоруктарын аңдап билүүгө болот. Бирок акыркы кездерде жакшынакай, сулуу көздөрүн көз айнек менен жашырган жаштар көбөйдү. Модалуу образ, тенденция дегенибиз менен, чынында эле окулистке кайрылгандардын саны күндөн-күнгө өсүп барат. Буга ар адамдын колундагы уюлдук телефон дагы чоң себеп болушу мүмкүн. Тили чыга элек баладан тартып, төрдө отурган чоң апаларга чейин телефонду чукулап экран алдында ашыкча убакыт өткөрүп жатышат. Мындай ылдамдык менен барсак, 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын ар бир жараны көз айнек тагынып калабы деп ойлоносуң.
Көз айнек тандоого мажбур кылган миопия оорусу жөнүндө төмөндө сөз кылалы.