Эс-учун жоготуунун себептери
Likes: 0
Reports:0
53
Медицинага келгенге чейин эстен тануу бир гана катуу сүйүп калганда же аябай коркуп кеткенде болот деп ойлочумун. Көрсө, анын себептери жана түрлөрү көп экен. Бул макалада биз эстен тануунун келип чыгуу себептерин, түрлөрүн жана дарылоо ыкмаларын талдайбыз.
Макаланы жакындарыңызга жөнөтүп олуттуу илдет тууралуу кабардар кылыңыз.
Эч-учун жоготуу деген эмне?
Эс-учун жоготуу медицинада синкоп деп айтылат. Бул капыстан жана убактылуу мээге кан азыраак келгенде пайда болгон абал. Брадикардия, тахикардия же кан агымынын тоскоолдуктары сыяктуу кээ бир олуттуу жүрөк оорулары да эс-учун жоготуу абалын шартташы мүмкүн. [1] 75 жаштан жогорку адамдардын 6%га чейини жабыркашат. [2]
Эстен танууга көбүнчө кимдер кабылат?