Бут эмнеге уктап калат?
Likes: 108
Reports:0
5442
Акыркы учурларда буту тез эле уктап калган катталуучулардын саны көбөйүп кетти. Алардын айтуусу боюнча, мурда бутун бүгүп 1-2 саат отургандан кийин буту жымырап уктаса, азыр 5-10 мүнөт отурбай жатып, буттары уктап калат экен.
Бул эмне? Оорубу? Мына ушул суроолорго жооп берүү максатында сиздерге макала жазып отурам.
Буттун уктоосу деген эмне?
Буттун уктап калуусу - бул көбүнчө буттун нервдерине басым жасоодон улам келип чыгат. Бул абалда кан агымы азайып, буттун булчуңдарына кычкылтек барбай калат. Жыйынтыгында бут убактылуу жымырап, кычышып же алсырап кетиши мүмкүн. Мындай абал көбүнчө аз баскан, бир ордунан кыймылдабай иштеген, толук адамдарда көп кездешет.
Доктор, буттун уктап калышы дагы кандай ооруларды шартташы мүмкүн?
Буттун уктап калышына себеп болгон кээ бир илдеттер бар, мына ошол оорулардан улам дагы бут тез-тез уктап, адамга ыңгайсыздык жаратат:
1. Перифериялык нейропатия:<...