D витамини жетишпеген балдар кеч уктайт
Likes: 0
Reports:0
19
Нураида Насирова, педиатр
Дарыгерлер ымыркайларга көбүнчө D витаминин жазышат, бирок көпчүлүк эмчек эмизген энелерде “эмчек сүтүндө балага керектүү бардык витаминдер бар, аны ичүү керекпи?” деген суроолор жаралат. Төмөнкү макалада дал ушул суроолорго жооп издеп, аны түшүнүүгө аракет кылабыз.
D витамини деген эмне?
D витамини – организмдин иштеши үчүн зарыл болгон 13 витаминдин бири. Ал организмге кальцийди сиңирүүгө жардам берип, сөөктүн бузулушунун алдын алуу менен сөөктөрдү жана тиштерди бекемдейт. Ошондой эле иммундук системаны, нерв системасын жана булчуңдарды бекемдейт. D витамини (кальциферол деп да аталат) табигый түрдө кээ бир тамактарда кездешип, кошумча катары да жеткиликтүү болгон майда эрүүчү витамин. Ал күн нурунун ультрафиоле...