МРТ менен КТ жөн эле бизнесби?
Likes: 113
Reports:1
.png)

8193
Акыркы учурларда МРТ жана КТ аппараттарына түшкөндөрдүн саны өтө көбөйүп кетти.
Акчасы бары деле, жогу деле кичине бир нерсе болсо эле "томографияга түшөт окшойм" деп КТ менен МРТ га чуркай турган болду.
Кээ бир коллегалар бейтаптын жасаткан томографиясынын 30% акчасын алгандыктан эптеп бейтапты МРТга же КТга жөнөткөнгө шашат.
Ал эми кээ бир өзүн акылдуу сезген адамдар, врачтын сунушу жок эле кан тамырларым ичкерип кеткен окшойт деп МРТга ойду-келди түшө беришет.
Ачыгын айта турган болсом, МРТ же КТ эң керектүү болгон абалдар төмөнкүлөр:
1. Рак оорусу;
2. Аялдардын жыныс органдарындагы патологиялык процесстерди аныктоо үчүн;
3. Муундардын, связкалардын чоюлуп же үзүлүп калганын аныктоо үчүн;
4. Кан агуунун көлөмүн, инфекциялык ооруларды байкоо үчүн;
5.Артерияларга тиешелүү патологиялык процесстерди аныктоо үчүн колдонулат.
Эң өкүнүчтүүсү, МРТга түшкөндөрдүн 80-90%ы бели ооругандар менен, башы ооругандар....