Холестерин организмге душманбы?
Likes: 0
Reports:0
122
Адамдын аз кыймылдап, начар тамактануусу канда холестериндин көбөйүшүнө алып келет. Бул жүрөк оорусун пайда кылып, семирүү, инсультка чейин жеткириши мүмкүн. Ошондой эле өт суюктугунда да холестерин ашыкча болуп, өт кычкылы жетишпесе, өт баштыкчасында таш пайда боло баштайт. Деги эле холестерин деген эмне? Анын жогорулашынын себеби эмнеде? Холестериндин деңгээлин дары-дармексиз эле кантип азайтса болот? Бул макалада ушул жана башка суроолорго жооп берүүгө аракет кылам. Анда сөз башынан болсун.
Холестерин деген эмне?
Холестерин – боор иштеп чыга турган май. Тагыраагы, адамдын организмдеги зат алмашуу процесстерине керектүү липиддик зат. Холестеринди жеген тамак-ашыбыздан алабыз. Майлуу тамак-ашты канчалык көп жесек, холестерин ошончолук көп болот. Ашыкча холестерин кан...