Кант диабетинен айыкса болобу?
Likes: 0
Reports:0
27
Кант диабети жыл сайын бир миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алган жана бир өмүргө созулган олуттуу оору. Ар бир адам диабет оорусуна чалдыгышы мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, жылдан-жылга бул дарт өсүүдө. Оору жакшы эмес, андыктан анын алдын алуу өтө маанилүү. Бул макалада I типтеги кант диабетинин кооптуулугу жөнүндө кенен маалымат берип, сактануу жолдору менен бөлүшөбүз.
Макаланы жакындарыңызга жөнөтүп дени сак жашоосуна себепчи болуңуз.
I типтеги кант диабети тууралуу түшүнүк
I типтеги диабет инсулинден көз каранды диабет, тагыраагы, өнөкөт оору. Мындай учурда уйку бези инсулинди аз өлчөмдө өндүрөт же таптакыр өндүрбөй калат.
Инсулин – адамдын жана көптөгөн жаныбарлардын уйку б...