Абалды кескин өзгөрткөн анемия
Likes: 0
Reports:0
26
Акыркы изилдөөлөргө ылайык, дүйнө жүзү боюнча 15 жаштан 49 жашка чейинки курактагы жарым миллиард аял анемия менен жабыркайт. Наристелердин бул ооруга кабылуусунун статитикасы дагы көңүл жылытаарлык эмес, тагыраагы дүйнө жүзүндө 5 жашка чейинки 269 миллион бала аз кандуулук менен ооруйт. [1]
Анемиянын масштабдарын түшүндүңүз да?
Анемия деген эмне?
Анемия – организмдин ткандарына кычкылтекти ташыган дени сак эритроциттердин же гемоглобиндин жетишсиздигинен келип чыккан оору. Гемоглобин - бул өпкөдөн дененин бардык башка органдарына кычкылтекти ташыган кызыл кан клеткаларындагы белок. Анемия чарчоону, алсыздыкты жана дем алуунун кыйындашын шартташы мүмкүн. [2]
Анемия эритроциттер жетишсиз болгондо же кызыл кан клеткалары туура иштебей калганда п...