Адам эмнеге топурак жегиси келе берет?
Likes: 0
Reports:0
201
Сиз бор, топурак, чопо же дубал жегиңиз келе береби?
Жамгырдан кийинки чаңдын, үйдөгү жүрүп жаткан ремонттун, лак, керосин же жаңы жуулган кийимдин жытын жыттаган жагабы?
Анда, бул макала сиз үчүн!
Бул макалада сиздин организм эмне үчүн топурак талап кылаарын, бул көрүнүш сизден кандай жардам (SOS) сурап жатканын түшүнүп, патологиялык табитти жок кылуунун жолдорун билип аласыз.
Даамдын бузулушу (извращение вкуса) – бул организмде темирдин жетишсиздигинен улам пайда болгон аз кандуулуктун белгиси болуп саналат жана сидеропеникалык синдром деп аталат.
Дүйнө жүзү боюнча темирдин жетишсиздигинен пай болгон аз кандуулук - эң глобалдуу көйгөй болуп саналат. Ал кош бойлуу аялдар эле эмес, жаш-кары адамдардын ооруларынын негизги себеби болуп эсептелет. Айрыкча, репродуктивдик курактагы аялдарда ай сайын айыздын келиши жана кош бойлуулук - темир жетишсиздигине алып келет. Мындан улам бул өнөкөт чарчоого, эс-тутумдун начарлоосуна жана физикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Ошондой эле мектеп окууч...