Жаш балдардагы анемия
Likes: 65
Reports:0
2943
Бул кандай оору?
Көпчүлүк учурда жаш баланын организмине темир жетишсиздигинен пайда болгон патологиялык процесс.
Кош бойлуу аялдын үчүнчү 3 айлыгында (триместрде) түйүлдүктүн организминде темирдин запасы чогула баштайт. Эгерде ошол учурда эне анемия менен жабыркап жүргөн болсо, бала төрөлгөн соң 3 айдан кийин анемия менен жабыркап баштайт.
Мындай учурда тамак-аш же эненин сүтү менен темирди өз калыбына келтирүү мүмкүн эмес болуп калат.
Эмнеси менен коркунучтуу?
1. Бала тез-тез түрдүү оорулар менен ооруй берет;
2. Ооздору жарылат, оозу оюлат, иммунитети начарлайт;
3. Ичеги-карындардагы эпителийлер атрофия болуп, жыйынтыгында эң маанилүү витаминдер, минералдар бала организмине сиңбей калат;
4. Баланын уйкусу начарлайт, табити жок болуп, кыжырдана берет.
Анемиянын бар же жок экенин кантип билсе болот?
Бул ооруну диагностика кылуу өтө маанилүү. Диагностика кылууда гемоглобин мене...