Бөйрөк инфекциясы (пиелонефрит)
Likes: 7
Reports:0
138
Учурда бөйрөк оорусу менен жабыркаган кыргызстандыктардын саны арбын. Анткен менен 2012-жылдан бери Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча 54 гана операция жасалган. Калган бейтаптар чет өлкөлүк клиникалардын кызматтарын пайдаланууга муктаж болуп келишкен.
Кечээ-жакында өлкө башчысы муктаж болгон бардык кыргызстандыктарга бөйрөк алмаштыруу операциясын акысыз жасоону тапшырып, бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан 2500дөн ашык бейтапта үмүт шооласы жанды. Өкмөт бул максатта бир бейтапка 620 миң сом сарптоону пландап жатат.
Бөйрөк ооруларынын кооптуулугун ар бирибиз билген менен ага кам көрүүгө жетишерлик аракет кылбайбыз. Буга акыркы жылдары көбөйүп бара жаткан бөйрөк оорулары далил болуп берет.
Бүгүнкү макалада бөйрөк оорусунун эң кеңири таралган түрү пиелонефрит тууралуу сөз кылалы.
Макаланы жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз.