Эректилдик дисфункция же эркектин интимдик мамилени каалабай калуусу
Likes: 0
Reports:0
40
Эркектердин ден соолугунун көп этибарга алына бербеген, ачык айтуудан уялган, бирок алардын жашоосунун маанилүү жагын түзгөн маселе бар. Бул маселе эркектерди чүнчүтүп, жашоосун супсак кылат. Маселени чечүү үчүн башаламан дары-дармек кабыл алып, же болбосо депрессияга учурап, үй-бүлөдө мамилелер суушу мүмкүн. Макалада дүйнө жүзүндөгү көптөгөн эркектерди кызыктырган, бирок түшүнбөстүктөн жана тартынуудан улам көмүскөдө калган ушул көйгөйгө кайрылабыз. Бул – эректилдик дисфункция (ЭД), жөн гана физикалык абал эмес, ал адамдын эмоционалдык, психологиялык жана социалдык бакубаттуулугуна, өзүн-өзү сыйлоосуна, мамилелерине жана жалпы жашоо сапатына таасир этет.
Эркектер бул көйгөйгө чалдыкканда көбүнчө ыңгайсызданып же уялып, жардамга кайрылышпайт. Бирок эректилдик дисфункцияны дарылоо мүмкүн экенин түшүнүү маанилүү. К...