Эркектердеги тукумсуздуктун себептери
Likes: 0
Reports:0
7
Кыргызстанда жылдан-жылга тукумсуздукка чалдыккан аялдардын жана эркектердин саны арбып барат. Мурда тукумсуздук аялдарда көбүрөөк кездешсе, азыр бул дартка чалдыккандардын жарымынан көбү – эркектер. Себеби жаштар каалагандай, тескебей жыныстык катнаштарга барышат, сактанышпайт, инфекция жуктуруп алышат, дарыланышпайт. Урологдордун айтымында, Кыргызстандагы эркектердин арасында бөйрөк, заара, жыныс органдарынын илдеттери, импотенция жалпы оорулардын ичинен алдыңкы саптарда турат.
Тукумсуздук
Эгерде аял контрацепция каражаттарын жана сактануу ыкмаларын колдонбостон үзгүлтүксүз жыныстык катнашта (жыныстык катнаш жумасына 2 жолудан кем эмес) болуу менен бир жылдын ичинде кош бойлуу болуп калбаса, жубайлар тукумсу...