Простата безине кантип кам көрүү керек?
Likes: 35
Reports:0
4513
Простата бези - эркектин репродуктивдүү функциясында маанилүү роль ойногон кичинекей без, бул без эркектерде гана болот, ал эми аялдарда жок. Простата безинде маселелер жарала турган болсо, заара чыгаруу, эрекция жана башка жыныс мүчөсүнө тиешелүү олуттуу ооруларга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан простата безинин ден соолугуна кам көрүү ар бир эркек үчүн абдан маанилүү.
Мен бул макалада сиздерге простата безине кам көрүүнүн бир нече ыкмаларын баяндап кетем:
1. Дайыма медициналык кароодон өтүп туруңуз.
50 жаштан ашкан эркектерге жыл сайын простата безин текшерүү сунушталат. Эгер сизде жыныс мүчөгө же заара чыгарууга тиешелүү көйгөйлөр пайда болгон болсо, анда текшерүүнү эртерээк баштоо сунушталат.
2. Жеген тамак-ашыңызга көңүл буруңуз
Мөмө-жемиштер, жашылчалар, дан эгиндери, балык жана жаңгак азыктары сыяктуу пайдалуу тамактарды жеп туруу простата безинин жакшы абалда болуусуна шарт түзөт.
3...