Варикоцеле тууралуу чындык
Likes: 95
Reports:0
3987
Негизи дүйнө жүзүндө ар бир 5 эркектин бирөөсү варикоцеле менен жабыркайт. Бул оору көп эркектин жүрөгүн оорутуп, ойлондуруп келет. Ошондуктан бул макалада варикоцеле тууралуу урологдор айтпаган, ар бир эркек эске ала турчу нерселерди баяндагым келди.
Варикоцеле деген эмне?
Эгер аталган оорунун аныктамасын жөнөкөй сөз менен айта турган болсом, бул - эркектин жумурткасын кармап турган калтадагы (мошонка) веналардын жооноруп кетүүсү же шалпыйган абалга келип калуусу. Дагы жөнөкөйлөтүп айта турган болсом, кийим тиккен жиптей болгон веналардын бут кийим байлаган жиптердей болуп жооноруп, чоңоюуп кетүүсү. Эң кызыгы, мындай патологиялык процесс сол жумуртканын веналарында көп кездешет. Кээ бир учурда эле оң жакта кездешүүсү мүмкүн.
Төмөнкү сүрөттөн варикоцеле оорусунда веналар кантип өзгөрүүгө кабылганын көрө аласыз.