Аялым мени сыйлабай жатат, эмне кылам?
Likes: 147
Reports:0
5872
Аялдардын сыйына татыктуу эркек болуу үчүн эмне кылуу керек?
Эркек кишинин ден соолугу үчүн эң маанилүү нерселердин бири аялынын ага болгон сый-урматы. Өз аялынын алдында эркек баркын жогото турган болсо, анда ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалдар жаралышы ыктымал.
Азыркы учурда күйөөсүн сыйлабай, ага кыйкырып, жаш баладай көрүп, кор кылган аялдардын саны көп. Мунун бирден-бир себеби эркектин аялынын алдында баркын жоготуп алуусу.
Nota Bene!
Бул макалада айтылган маалыматтар менин жеке пикирим. Бул оюмду эч кимге таңуулабайм. Эгер сиз үчүн ыңгайсыз абалды жарата турган болсо, туура түшүнүү менен кабыл алууга аракет кылыңыз.
Эркек аялынын алдында баркын кантип жоготуп алат?
Негизи эркек киши аял менен салыштыра келгенде бардык жагынан жогору болуусу керек. Тактай кетсем:
- эң алгач дин жактан аялдан күчтүү болуусу керек,
- акча жагынан күчтүү болуусу керек,
- физикалык жакт...