Тестостерондун организмге тийгизген пайдалары
Likes: 35
Reports:0
1928
Мырзаларга күч, харизма жана эркектик сапат берип турган гормондордун бири - бул тестостерон.
Тилекке каршы, бул уникалдуу гормон тууралуу көп эркектер биле беришпейт. Ошондуктан мен сиздерге бул өзгөчө гормон тууралуу кенен баяндап бергим келди.
Тестостерон деген эмне?
Тестостерон эркектердин жана аялдардын жумурткасында бөлүнүп чыккан уникалдуу гормон. Ал мырзаларда көп өлчөмдө бөлүнүп чыгат, себеби дал ушул гормон себептүү эркек өзүнүн эркектик сапатын сактай алат. Ал эми аялдарда аз өлчөмдө бөлүнүп чыгып, алардын да ден соолугуна өз пайдасын тийгизет.
Эркектердин бойдок кезинде бул гормон нормадан 30 эсе көп бөлүнүп чыгып, жаш өткөн сайын анын деңгээли акырындап азая берет. Айрыкча жеген тамагына, физикалык көнүгүүлөргө көңүл бурбаган, аз кыймылдаган эркектерде бул гормон өтө тез азаят.
Жыйынтыгында, эркек өзүнүн эркектик сапаттарын жоготуп, "назик" эркекке айлана баштайт. Мындай абал эркекти бардык жагынан алсыздантып, жыйынтыгында өлүмгө да дуушар кылышы...