Жыныс мүчөнүн рак оорусу
Likes: 66
Reports:0
2862
Жандуу жердин рак оорусуна кабылуу эркек киши үчүн өтө оор.
Рак - бул кадимки, нормалдуу клеткалардын өзгөрүп, бузулуп кетүүсү деп айтканбыз.
Рак - организмдин ар бир бөлүгүндө пайда болуп, өнүгүүсү мүмкүн. Жадагалса, эркектердин жандуу жерин да жөн койбойт.
Эркектин жыныс мүчөсүнүн рагы көбүнчө жыныстык мүчөнүн терисинде же жыныстык мүчөсүнүн астында пайда болот (жыныс мүчөнүн конус сымал учу). Бул рактын түрү чурайы кесилбеген эркектерде көп кездешет, ал эми сүннөткө отургузулган эркектерде сейрек учурайт.
Адам папиллома вирусу (ВПЧ) жыныстык мүчө рагын пайда кылган себептердин үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Мындайча айтканда, ушул ВПЧнын айынан эркек киши рак деген балээге кабылат.
Канчалык оору эрте аныкталса, ошончолук ыкчам жана толук айыктырууга болот.
Эркек жыныс мүчөсүнүн рагы кимдерде аз кездешет?
Сүннөткө отургузулган эркекте...