Төрөттөн кийин аялды секске кантип даярдоо керек?
Likes: 432
Reports:0
27391
Төрөттөн кийин аял менен кантип туура кошулуу керек?
Аял кишинин төрөтү анын жашоосундагы эң оор учурлардан болуп эсептелет. Ошол себептүү төшөк кумарына төрөттөн кийин аялды туура даярдоо эркек кишинин эң негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Көпчүлүк эркектер аялды төрөттөн кийин да мурункудай элестетип, төшөктө орунсуз аракеттерди кылып алгандыктан күйөө менен аялдын мамилесине доо кеткен учурлар болот. Ошондуктан бул макалада эркек киши аялы төрөгөн соң аны махабат көлмөсүнө кантип туура чакырып, кантип туура көндүрүү керектиги тууралуу сөз кылып берем.
Аял төрөгөндөн кийин канча убакытта жыныстык мамилеге даяр болот?
Негизи бизде 40 күн өткөндөн кийин аял менен кошула берсе болот деп эсептешет. Себеби төрөттөн кийинки кан 40 күндөн кийин токтойт, мындан улам 40 күндөн кийин аял жыныстык мамилеге даяр болуп калат деп эсептешет. Бирок, тилекке каршы, андай эмес. Бардык эле аялдар төрөгөндөн 40 күн өткөндөн кийин даяр боло бербейт. Ошондуктан белгилүү бир күндөрдө...