Ата менен баланын сейилдөөсү үй-бүлөгө кандай пайда алып келет?
Likes: 162
Reports:0
4202
Баласынын арабасын сүйрөп көчөдө сейилдеп жүргөн энелерди көп көрөм. Бирок, тилекке каршы, эмнегедир аталарды өтө сейрек кездештирем. Балким, көп аталар баласы менен жалгыз сейилдөөнү ашыкча жумуш катары көрөт чыгар. Бирок алар бала менен атанын сейилдөөсүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө тийгизген пайдаларын билгенде андай ойдон алыс болушмак.
Адатта, баланы кароо, аны тамактандыруу, ойноо, кийинтүү, жуунтуу иштерин көпчүлүк учурда энелер аткарышат. Алар баласына кам көрүүдө кадимкидей чарчап, мээрим төкмөк түгүл, балдарынан алыс бир жерге барып тынч отуруп алгысы келет. Себеби бала ары-бери ойноп отуруп кадимкидей энени чарчатып коёт. Мындай абал пайда болгондо атанын бала менен сейилдөөсү өтө маанилүү болуп эсептелет.