Гидроцеле тууралуу чындык
Likes: 44
Reports:0
1957
Гидроцеле деген эмне?
Гидроцеле - эркектердин жумурткасынын айланасына сууга толгон чел кабыктын пайда болуусу. Мындай абалга көпчүлүк учурда жаш эркек балдар кабылат.
Бул оору менен жабыркагандардын 10% гидроцеле менен төрөлүшөт.
Гидроцеле негизи корко тургандай кооптуу абалдарды жаратпайт, дарылабаса деле көпчүлүк учурда өзү жок болуп кетиши мүмкүн.
Гидроцеле эмнеге пайда болот?
Гидроцелени чакырган факторлор өтө көп, ошондой эле жаш балдарда гидроцеленин пайда болуу себептери башка, ал эми чоң адамдарда пайда болуу себептери башка болот.
Жаңы төрөлгөн балдарда гидроцеле кантип пайда болот?
Бала жаңы өсүп келе жатканда анын жумурткасы ич тарабынан ылдый карап жумуртка калтасына түшөт. Анан калтага түшүп, акыры...