Ич катуу менен күрөшүү
Likes: 0
Reports:0
26
Ич катуу менен бардык курактагы адамдар жабыркайт. Бирок бир нече күндөн кийин өзү айыгат деп көңүл бурбайт. Өзү айыгышы мүмкүн, ошол эле убакта башка олуттуу маселелер да жаралганын адам сезбей калат. Көбүнчө жаш балдардын ич катуусу коркунучтуу. Бул макалада ич катуунун себептери, белгилери жана аны жеңүүнүн жолдорун карап чыгабыз.
Ич катуу - бул заң чыгаруунун (дефекация) кыйындашы же адаттагыдан сейрек заң чыгаруу. Бул көп кездешкен көйгөй. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарында жыл сайын 2,5 миллионго жакын адам ич катуу менен дарыгерге кайрылышат. (1)
Дефекациянын нормасы
Заң чыгаруунун нормалдуу узактыгы ар бир адам үчүн индивидуалдуу болот. Кээ бирөөлөр күнүнө үч жолуга чейин чоңго барса, башкалар жумасына бир нече жолу гана барат. 3 күнгө чейин чоңго барбаса, адам ич катууга кабылган болот. [2]
Ич катуунун себептери
- организмге клетчатканын жетишсиздиги;
- сууну аз колдонуу;
- физикалык...