Баш айлануу медицинада кандай аталат?
Likes: 0
Reports:0
30
Адам көп басканда, ысык аба ырайында, алсыраганда, чарчаганда башы айланышы мүмкүн. Мындай абал ар бир эле адамда, айрыкча чоңдордо кездешет жана эс алып калса, уктап алса эле басылып калат. Баш айланууга "каның аз экен, кан басымың төмөн экен" деп ар бирибиз диагноз да коюп алабыз. Чындыгында, медицина бул көз карашка кандай карайт, эмне үчүн баш айланат, бул макалада сөз кылабыз.
Баш айлануу медицинада кандай аталат?
Баш айлануу - айланаңыз айланып же кыймылдап жаткандай жалган сезимге бөлөйт. Анын дагы бир аталышы вертиго.
Тең салмактуулук сезими дененин ар кайсы бөлүктөрүнөн келген белгилерден көз каранды. Мисалга алсак:
- Көздөр дененин кайсы мейкиндикте жайгашканын жана кандай кыймыл-аракет кылып жатканын аныктайт;
- Сенсордук нервдер дененин кандай жагдайда, эмне иш-аракет кылып жатканы тууралуу мээге белги берет;
- Ички кулак, анда сенсорлор жайгашкан, алар тартылуу күчүн жана өз ара кыймылды аныктоого жардам берет. (1)