Безеткини (акне) натыйжалуу кетирүүчү ыкма
Likes: 0
Reports:0
60
Безетки менен жабыркаган адамдар өтө көп. Безеткини кетирүү үчүн эмне гана кылбайт. Тилекке каршы, безеткиден арылбай, арылса да убактылуу эле айыгып, бир топ убакыттан кийин кайра эле баягы абалга келет. Тажаганда стресс да болуп жашоо сапаты төмөндөп кетет. Бирок безеткини натыйжалуу, далилденген ыкма менен кетирсе болот. Эмесе, макаланы окуп чыгыңыз.
Безеткилер - бул тери оорусу, чачтын фолликулдары себум (май) менен жана теринин өлгөн клеткалары менен бүтөлүп калганда пайда болот. Чачтын фолликулаларынын тереңиндеги бүтөлүүлөр жана сезгенүү теринин астында киста сымал бүдүрчөлөрдүн пайда болушуна алып келет. Безетки көбүнчө өспүрүмдөр арасында кездешет, бирок ал бардык курактагы адамдарга да таасир этет. Безетки көбүнчө бет, чеке, көкүрөк, белдин үстүңкү бөлүгүндө жана ийиндерде пайда болот. Анткени теринин бул жерлеринде май бездери көп. Чачтын фолликулалары май бездери менен туташат. (1)